Turmush — 2023-жылдын 15-декабрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ичке-Булуң айылында жергиликтүү демилгелүү топтун, жергиликтүү бийликтин жана FSDS коомдук фондунун жардамы менен курулган балдар аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү.
Аталган иш-чарага FSDS коомдук фондунун аткаруучу директору, долбоордун координатору жана жергиликтүү бийлик катышты. Аянтчаны айыл өкмөт башчысы, айыл аксакалы жана FSDS коомдук фондунун аткаруучу директору ачып, кызыл тасмасын кесишти.
Ичке-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева балдар үчүн кубанычтуу саамалык болуп жатканын баса белгилеп, жергиликтүү демилгелүү топко жана FSDS коомдук фондуна ыраазычылыгын айтып, мындан ары да көптөгөн долбоорлор менен иштешебиз деген ниетин билдирди.
Балдар аянтчасын курууга жер бөлүп берген Ичке-Булуң айылынын тургуну Абидин Мурадылов үйүнүн алдында кичинекей бөбөктөр күлүп, ойноп, чуркап турса экен деген тилеги орундалганын айтат.
Эске сала кетсек, FSDS коомдук фонду өлкөнүн ар кайсы аймактарында айыл өкмөттөр менен биргеликте демилгелүү топтор менен иш алып барып, ар кандай социалдык долбоорлорду ишке ашырып, колдоо көрсөтүп келет.