Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.12.2014 13:40

Жети-Өгүздүн Барскоон айылындагы 46 жашар тургундун үйүнөн 15 кг марихуана алынды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда «Экстремист» операциясынын жүрүшүндө Түп РИИБдин баңги заттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы 46 жашар тургуну М.Мараттын үйүнөн 15 кг марихуана алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган факт боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 246-беренесине («Баңги заттарын же психикага таасир берүүчү заттарды көп өлчөмдө даярдоо, сактоо, ташуу же сатуу») ылайык кылмыш иши козголду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×