Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.12.2014 17:11

Ысык-Көлдө ноябрдан берки рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз 5 бак кыюу, 8 кыргоол жана 1 коен атуу катталып, 1 мылтык алынган

Turmush -  Ысык-Көл облустук экотехинспекциясынын Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондук жана Каракол шаардык башкармалыгы браконьерчиликке каршы күрөшүү жана экологияны коргоо боюнча 3 айлыктын алкагында 6 жолу рейд өткөрүштү.

Ноябрь айынан бери жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө мыйзамсыз 5 бак кыюу, 8 кыргоол жана 1 коен атуу, катталып, каттоодо жок 1 мылтык алынган.

Мыйзамсыз балык улоо боюнча Жети-Өгүз районунда 26 миң сомдук зыян келтирүү фактысы аныкталып, кармалган балыктары кайыгы менен конфискацияланган.

Андан тышкары, Каракол шаарында базарларда мыйзамсыз кармалган балыктарды сатып жүргөн жеринен өткөн аптада бир нече жаран кармалып, алардын табигатка келтирген зыяны 92 миң сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×