Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.12.2014 17:56

Жети-Өгүз районунун тургуну мас абалында жыгылып, колундагы бычак өзүнө сайылды

Turmush -  Жети-Өгүз районунун тургуну мас абалында жыгылып, колундагы бычакка урунган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ маалым болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынын 31 жаштагы тургуну мас абалында колуна бычак алып, үйдөн чыгып келатып,  тең салмактуулугун жоготуп, жыгылган. Ал кулаганда, колундагы бычагы каптал жагына сайылган. Учурда ал адам райондук ооруканада.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×