Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.12.2014 15:33

Фото - «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондуна түшкөн акча каражатты туура бөлүштүрүү боюнча семинар өттү

Turmush -  Ысык-Көл облусунда «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондуна түшкөн акча каражатын 2015-жылга туура пландаштыруу боюнча семинар өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган семинарга өнүгүү фондунун байкоочу кеңештин мүчөлөрү жана райондук байкоочу кеңештердин төрагалары, раймамадминистрация башчыларынын орун басарлары, айылдык аймактарын башчылары, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Маалым болгондой, семинар «Өнүгүү фондуна» түшкөн акча каражатын 2015-жылга туура пландаштыруу тактап айтканда, район, шаарлардагы, айылдык аймактардагы байкоочу кеңештер жергиликтүү бюджетке киреше алып келе турган чакан ишканаларды ачууну пландаштырууну үйрөнүү жана жергиликтүү башкаруу огандары менен байланышты бекемдөө максатында өтөт.

Маалым болгондой, аталган фондго түшкөн акча каражаты өкмөт тарабынан бекитилген жобого ылайык түзүлгөн байкоочу кеңеш, облустагы айылдык, район, шаардык бойкоочу кеңештердин берген сунушу боюнча акча каражаты бөлүнөт. Ал эми Кумтөрдөн Ысык-Көл облусуна түшкөн кирешенин 1% бөлүнүп берилет, ал 1%дын 50%ы Жети-Өгүз, Тоң району жана Балыкчы шаарына калкынын санына жараша бөлүнүп келет, ал эми калган 50%ы облустун калган райондоруна бөлүнөт.

Семинарда район, шаарларга бөлүнүп жаткан акча каражаттарын социалдык объекттерди гана курбастан жергиликтүү бюджетке киреше алып келе турган ишканаларды ачып, жергиликтүү калкты жумуш орду менен камсыз кылууну алдыңкы планга коюу керектиги белгиленди.

Белгилей кетсек, семинар аталган фонддун башкаруу дирекциясы тарабынан уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×