Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.01.2015 10:30

Республиканын аймагында өткөн сутка ичинде 9 өрт кырсыктары катталды

Turmush -  Республиканын аймагында өткөн сутка ичинде 9 өрт кырсыктары катталды, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы 5-январда билдирди.

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча 2015-жылдын 4-январы саат 08:30дан 5-январы саат 08:30га чейин республиканын аймагында 9 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Алсак, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Умаров көчөсү-72 дарегинде жайгашкан ээси Н. Омуракуновго тийиштүү жыгач устундуу шифер жабылган аянты 20 чарчы метр очоккананын жыгач тосмосу күйгөн.

Өрттүн келип чыгышына балдардын отко болгон шоктугу себеп болгон. Ага 2013-жылы туулган Нурадил уулу Бакыт күнөөлүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×