Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.01.2015 15:22

Жети-Өгүздөгү Барскоон айылында 2014-жылы 66 млн сомдук инвестиция тартылды

Turmush -  Жети-өгүз районунун Барскоон айылында өткөн 2014-жылы 66 млн сомдук инвестиция тартылды. Бул тууралуу Барскоон айылынан Асел Асанова, Бермет Алыбаева маалымдаган, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматка ылайык, Барскоон айылында бир катар социалдык объекттер ишке берилди. 30-декабрда ишке берилген бала бакчаны кеӊейтүү муктаждыгы анын имаратынын тардыгына байланыштуу келип чыккан.

Айыл аймагынын жетекчилигинин айтымына караганда, жаӊы бала бакчаны курууга 2 млн 10 миң сом каражат сарпталган.

«Бул өзүбүздүн айылдык бюджеттен бөлүнгөн, мунун натыйжасында бакчага жана административдик имаратка да ушундай сумма бөлүнгөн. Айыл аймагындагы курулуштарга жалпысынан 66 млн сомдук инвестиция тартылган. Өзүӊөр көргөндөй, бала бакча да, мектеп да ачылып жатат. Жакында кичи футбол талаасы ачылганы турат. Ошондой эле, төртүнчү көпүрөдөгү муз аянтчасы 31-декабрда ачылды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×