Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.01.2015 09:48

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында турак үйдөн өрт чыгып, үй эмеректери, документтер күйдү

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Комсомолго 40 жыл көчөсү-84 дарегинде жайгашкан ээси У.Мамбетовго тийиштүү турак үйдүн бөлмөсүнөн өрт чыкты, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы 9-январда.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен балдар бөлмөсүнүн 16 чарчы метр жыгач полу, 16 чарчы метр жыгач шыбы, 2 керебет, 2 терезе, эшик, шифоньер, 10 жууркан, киржуугуч машинка, үтүк, чайник, магнитофон, документтер күйгөн.

Өрттүн кесепетинен электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×