Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.01.2015 16:16

Каракол - Кызыл-Суу унаа жолунда «Ауди» унаасы бир короо койду сүзүп кеткен

Turmush -  Окуянын күбөлөрү билдиргендей, «Ауди» унаасы катуу ылдамдыкта кетип баратып, жолдон өтүп бараткан бир короо койдун тобун сүзүп кеткен.

Сүзүлгөн койлордун саны 13кө жетип, сойгонго туура келген. Койлордун ээси 100-120 миң сомдун тегерегиндеги чыгымга учураган.

Жабыр тарткан адамдар катталган эмес.

Унаанын алды жагы жарактан чыккан.

Белгилеп кетсек, жогоруда аты аталган унаажолунда, малдын жолдон айдап өтүүсү боюнча эскертүү жол белгиси жок. Ошондуктан мал ээси да, сүзүп кеткен унаанын ээси катары эле күнөөлүү, деп эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×