Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.01.2015 09:35

Жети-Өгүз районунда жол кырсыгынан «Тойота» унаасынын айдоочусу каза болуп, 2 адам жабыр тартты

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Липенко айылында бүгүн, 12-январда саат 00:05 чамасында Каракол-Бөкөнбаев унаа жолунун 25-чакырымында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик номери (I 51-33 AB) «Тойота-Алтеза» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгиндеги электр устунун (бетон) сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочусу Липенко айылынын Самсалиев көчөсүндөгү 5-үйдүн тургуну, 1992-жылы туулган Чугунов Николай Александрович каза болгон. Ошондой эле, 2 адам жабыркаган.

Алар: Липенко айылынын тургуну, 1994-жылы туулган Людмила Керкина шок абалында Каракол шардык ооруканага жеткирилген. 2-жүргүнчүсү Липенко айылынын тургуну Александр Рудаков башынан жаракат алып, тез жардам кызматкерлеринен жардам алган.

Жол кырсыгы болгон жерге Каракол шаардык №15-Аскерлештирилген өрткө каршы бөлүмүнүн (АӨКБ) куткаруучулары барышып, каза болгон адамды унаадан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Жабыркагандар Каракол шардык ооруканасына тез жардам кызматкерлери тарабынан жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×