Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.01.2015 15:32

Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылында 60 орунга ылайыкталган бала бакча ишке берилет

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл аймагында 60 орунга ылайыкталган жаңы бала бакча ишке берилет. Айыл өкмөт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиргендей, айылдагы бала бакчанын имараты GIZ эл аралык уюму менен ишке ашырылган долбоор аркылуу оңдолду.

Имаратты оңдоо иштерине жалпысынан 3,5 млн сом жумшалып, анын ичинен 800 миң сом эмеректер үчүн каралды.

Аталган коом Ысык-Көл облусунда 2013-жылдан бери ишмердигин жүргүзүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×