Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.01.2015 09:40

Ысык-Көлдө 7 млн 853 миң сомдук аппаратты уурдаган кылмышкерлер кармалды

Turmush -  Ысык-Көл ОИИБдин жана Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери жүргүзгөн иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө, ири көлөмдөгү уурулук фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2014-жылдын 27-июлунда «Кумтор Оперейтинг Компани» өндүрүш мекемесинен Швейцарияда жасалган «Рефлекс» аппаратын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Бул аппараттын жардамы менен жерден казылып алынуучу баалуу ресурстардын кай жерде болгонун аныкташат, ал эми аппараттын баасы 7 млн 853 миң сомду түзөт.

Ири өлчөмдөгү уурулук боюнча Жети-Өгүз РИИБдин тергөө бөлүмү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинине (уурулук) ылайык кылмыш ишин козгоду.

Милиция кызматкерлеринин иликтөөлөрүнүн натыйжасында кылмышка шектүү делинип, Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын тургундары 36 жаштагы М.Каныбек менен 27 жаштагы Б.Жеңишбек кармалды. Алар кылмышты мойнуна алып, көрсөтмө беришти жана алардан уурулугун далилдеген буюмдар табылды, деп айтылат маалыматта.

Учурда М.Каныбек Жети-Өгүз РИИБдин убактылуу камоочу жайына камакка алынды. Экинчи шектелүүчү Б.Жеңишбекке сыртка чыгууга тыюу салынган чечим чыгарылды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×