Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.02.2015 09:56

Экстремисттик уюмдун идеясын үгүттөгөн деген шек менен текшерилген Жети-Өгүздөгү Ак-Терек айылынын тургундарынан ок атуучу курал алынды

Turmush -  Ысык-Көл ОИИБдин Жети-Өгүз райондук ички иштер башкы башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алдын ала берилген маалыматтын негизинде «Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмунун мүчөлөрүн кармоо үчүн Ак-Терек айылында атайын операция жүргүзүлдү.

Текшерүү иштеринин жүрүшү менен милиция кызматкерлери тарабынан аталган айылдын тургундары, «Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмунун 4 мүчөсү: 44 жаштагы Т.Талантбек, 43 жаштагы А.Алмазбек, 45 жаштагы К.Акылбек жана 38 жаштагы Ж.Назир кармалды. Кармалган жарандардан экстремисттик уюмдун идеяларын үгүттөгөн 14 китеп, 42 барак, 9 дептер, 4 диск , ошондой эле тиешелүү документтери жок 16 калибрдүү «ИЖ-17» мылтыгы алынды, деп билдирди бүгүн, 10-февралда ОИИБдин басма сөз кызматы.

Аталган факты боюнча бардык материалдар юридикалык баа берүү үчүн УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгына берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×