Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 17.02.2015 14:18

Жети-Өгүздөгү Дархан айылынын маданият үйү 2015-жылы колдонууга берилет

Turmush -  Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан облустун маданият тармагына өткөн жылы 12 млн сомдон ашык акча каражаты жумшалган. Бул тууралуу фонддун жыл ичинде аткарган иши тууралуу отчетунда дирекциянын башчысы Руслан Элебесов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Р.Элебесовдун айтымында, бул каражат ар бир райондун маданият үйлөрүн оңдоого берилди. Ошондой эле, Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынын клубунун курулушу аяктап, 2015-жылы колдонууга берилүүсү күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×