Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.02.2015 12:01

Жети-Өгүздө жазгы талаа жумуштарына 2 миң тоннадан ашык буудай, 1300 тонна арпа талап кылынат

Turmush -  Жети-Өгүз районунда жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн 2 миң тоннадан ашык буудай жана 1300 тонна арпа талап кылынат. Бул тууралуу Жети-Өгүз району боюнча айыл чарба департаментинин башчысы Кубат Аширов билдирди.

Анын айтымында, жазында талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айыл чарба тармагына 2 миң 69 тонна буудай жана 1 миң 384 тонна арпа керектелет.

«Райондо бул эгиндердин ичинен буудайдын 88%ы, арпанын 82%ы бар. Калган жетишсиз жагын жакында сатып алабыз. Учурда биз эгин өндүрүүчүлөр менен сүйлөүшп жатабыз. Ошондой эле, бүгүнкү күндө райондо ар кандай үлгүдөгү 818 трактор бар. Алардын ичинен 490у ишке даяр, 420 соко болсо, анын 252 бирдиги даяр», - деди ал.

К.Аширов кошумчалагандай, жазгы талаачылык жумуштарына керек болгон башка техникалар боюнча дагы даярдыктар жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×