Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.02.2015 17:24

Жети-Өгүз районунда 2014-жылы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 101,2%га аткарылган

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 101,2%га аткарылган. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук администрациясы маалымдаган, деп билдирет аймактык кабарчы.

Берилген маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунда 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча, трансферттерди кошпогондо жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 101,2%га аткарылган. Пландагы 173 млн 707 миң 8 сомдун ордуна, 175 млн 725,5 миң сом чогултулган.

Ошондой эле, атайын каражаттарды кошпогондо жылдык план 100,7%га аткарылган. Же болбосо 166 млн 613,8 миң сомдун ордуна 167 млн 729,0 миң сом жыйналып, жергиликтүү бюджетке кошумча 1 млн 115,2 миң сом көп чогултулган, деп берилет маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×