Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.02.2015 10:42

Жети-Өгүз районунда электр энергиясы боюнча техникалык жана коммерциялык жоготуу былтыр 17,3%ды түздү

Turmush -  Жети-Өгүз районунда электр энергиясына болгон техникалык жана коммерциялык жоготуу 2014-жылы 17,3%ды түзгөн. Бул тууралуу Жети-Өгүз райадминистрациясынан маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жети-Өгүз районунда электр энергиясын пайдалануу 2014-жылда 134 млн 864,9 миӊ кВт саатты түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 17 млн 423,9 миӊ кВт саатка көп сарпаталган. 2014-жылы техникалык жана коммерциялык жоготуулар 23 млн 342,5 миӊ кВт саатты түзүп, 17,3% болгон.

Натыйжада 2013-жылга салыштырмалуу 1 млн 302,3 миӊ кВт саатка көбөйгөн. Техникалык жоготуу 16,2%, коммерциялык жоготуу 1,1%ды түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×