Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.03.2015 16:15

Жети-Өгүздүн Барскоон айылындагы орто мектепте орус тили жана адабияты боюнча сынак болду

Turmush -  Жети-Өгүздүн Барскоон айылындагы орто мектете орус тили жана адабияты боюнча фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу Барскоон айылынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Кароо-сынакка 5–11-класска чейинки окуучулар катышты. Фестивалдын жүрүшүндө окуучулар көркөм окуу, бийлөө, ырдоо жана башка тапшырмаларды аткарышты.

Фестивалдын негизги максаты жана окуучуларга тийгизген таасири боюнча мектептин орус тили жана адабият мугалими Элмира Түнгатарова сөз сүйлөдү.

«Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинде орус тили жана адабияты сабагы боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата фестиваль өттү. Бул фестиваль окуучуларга чоң таасирин тийгизди. Азыркы учурда окуучулардын көз карашы аябай жакшы. Биздин мектепте көп коомдук иштер болуп турат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×