Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.03.2015 14:45

Өткөн жылы Жети-Өгүз жана Тоӊ райондорундагы сырт өрөөнүндө жана Көлдө браконьерчилик кылган 31 киши кармалган

Turmush -  Өткөн 2014-жылы Жети-Өгүз жана Тоӊ райондорундагы сырт өрөөнүндө жана Көлдө браконьерчилик кылган 31 киши кармалган. Бул тууралуу Ысык-Көл биосфералык аймагынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ысык-Көл биосфералык аймагынын кызматкерлери 2014-жылы бир топ рейддик иш-чараларды жүргүзүштү. Анын жүрүшүндө жаратылышты коргоочулар тарабынан жыл ичинде Жети-Өгүз жана Тоӊ райондорунун сырт өрөөнүндө жана Ысык-Көлдө браконьердик кылышкан 31 киши кармалган. Аларга 73,535 миӊ сомдук административдик айып салынган.

Балык чарбасына келтирилген зыян үчүн өткөн жыл ичинде Жети-Өгүз ,Тоӊ аймагы боюнча браконьерчилик кылгандарга 86,286 миӊ сомго айып салынды. Аймак боюнча жалпы узундугу 57980 метр келген 659 торлор, атайын аӊ улоого даярдалган 2 ит, 27 кайык кармалып алынган. Ар кандай үлгүдөгү 6 ок атуучу куралдар алынып, мылтык ээлерине мыйзамдын чегинде чаралар көрүлгөн. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×