Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.03.2015 13:10

Жети-Өгүз районунда эл артисти Б.Ибраевдин 80 жылдык мааракеси министр А.Максүтовдун катышуусунда белгиленди

Turmush -  Жети-Өгүз районунда кечээ, 13-март күнү эл артисти, Кыргыз СССРнин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Бообек Ибраевдин 80 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу аталган райондун администациясынан билдиришти.

Мааракеге район, область жетекчилери, Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов жана Бишкек шаарынан келген коноктор катышышты.

Иш-чарада келген меймандарга концерт коюлуп, спектаклдер көргөзүлдү.

Бообек Ибраев 1935-жылы Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызылсуу айылында туулуп, 2000-жылы дүйнө салган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×