Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.03.2015 11:39

Жети-Өгүздө мамлекеттик нотариус ыйгарым укуктарынан пайдаланып, дайынсыз жоголгон жарандын атына пенсия алууга ишеним кагазын берген

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кызмат абалынан кыянат пайдаланган мамлекеттик нотариус аныкталды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Социалдык фонддун аймактык органдарында ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жети-Өгүз районунда мамлекеттик нотариустун расмий документке жалган маалыматтарды мыйзамсыз киргизген фактысы аныкталды.

Иликтөөдө аныкталгандай, мамлекеттик нотариус С.А. өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, дайынсыз жоголуп кеткен О.М. аттуу жарандын атынан Р.А. аттуу

жаранга пенсия алуу үчүн «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасына 2011-жылдын январында ишеним кагазын берген.

Үстүбүздөгү жылдын 18-мартында бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×