Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 31.03.2015 10:30

Жети-Өгүздүн Талды-Булак айылындагы үйдөн денесинин 80%ы күйгөн адамдын жансыз денеси табылды

Turmush -  Өрт кырсыгы чыккан Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Талды-Булак айылында жайгашкан үйдөн эркек адамдын жансыз денеси табылды.

Үй буюмдары толугу менен күйгөн турак үйдүн ичинен табылган 55 жаштагы Н.Чыныбековдун денесинин 80%ы күйүп калган, деп билдирди бүгүн, 31-мартта ӨКМ.

Өрт кырсыгы электр жабдууларын куроо эрежелеринин бузулушунан улам келип чыккан. Жансыз дене текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин туугандарына берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×