Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 31.03.2015 16:57

Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылына бала бакча куруу пландалууда

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылына 230 орундуу бала бакча курууга документтерин даярдоого Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 1 млн сом каралууда. Бул тууралуу аталган фонддун быйылкы иш планында камтылган, деп билдирет аймактык кабарчы.

Аталган райондун акими Калысбек Жудеевдин айтымында, быйыл документтер даярдалса, курулуш иши эмки жылдан башталат.

Бала бакчанын жалпы сметалык баасы 21 млн сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×