Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 31.03.2015 17:12

Жети-Өгүздүн Оргочор айылында 250 орундук бала бакчанын имаратын оңдоону улантууга 4 млн сом каралууда

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылындагы бала бакчаны капиталдык оңдоодон өткөрүүнү улантууга Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 4 млн сом каралууда. Бул тууралуу аталган фонддун быйылкы иш планында камтылган, деп билдирет аймактык кабарчы.

Аталган райондун акими Калысбек Жудеевдин айтымында, айылда бала бакчанын имараты бар. Аны ремонттон өткөрүп бала бакча кылып ачуу керек.

«Бала бакчанын буга чейин түрткү берүүчү грант аркылуу 3 млн сомго чатыры жабылып, 2 кабаты оңдолгон. Учурда биринчи кабатын оңдоо жана эмеректерин алууга жалпы 12 млн сом керек болууда. Четинен бүтүрүүдөбүз», - дейт ал.

Эгер бала бакча ачылса, ага 250 бала бара алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×