Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.04.2015 13:35

Жети-Өгүздө үч эркек адам майып кызды зордуктап, анын дүкөнүнөн товарын жана акчасын алып кетти (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда үч эркек адам 2-топтогу майып кызды зордуктап, анын дүкөнүнөн товарын жана кассадагы акчасын алып кетти.

РИИБдин басма сөз кызматы аймактык кабарчыга билдиргендей, 3-мартта саат 04:00 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө Кызыл-Суу айылындагы «Гүлбүбү» дүкөнүнөн чалуу болгон.

Жабырлануучу милиция кызматкерлерине билдиргендей, түн ичинде дүкөнгө кирген бет капчан 3 адам 80 миң сомдук товарын жана кассадан 20 миң сом акчасын алып кеткен. Кол салгандар товарларды унаага салып, кайра келип дүкөндүн ээси — 2-топтогу майып кызды зордуктап, андан соң муунтуп өлтүрүүгө аракет кылган.

Жабырлануучунун атасы окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

«Кызым 26 жашта. Ал туубаса 2-топтогу майып. Ал биздин дүкөндө иштеп жүргөн. Биз ал күнү үйгө кетип, кызым дүкөндө түнөп калган. Түн ичинде кол салган адамдар кызымды зордуктап, чачынан жулуп, жаздык менен тумчуктуруптур. Андан соң өлбөгөнүн көрүп, алардын бири сыналгынын антеннасын жулуп алып муунткан экен.

Ошол маалда түшүнүксүз үндөрдү уккан кошуналар сыртка чыкканда кол салгандар унаага отуруп качып кетишкен.

Бул окуядан кийин кызым жашагысы келбей, өзүнө кол салууну да каалады. Учурда аны дайыма көзөмөлдөп, эң негизгиси аман калгандыгын айтып жатабыз. Мен мындайды эч кимге каалабайм», - деди жабырлануучунун атасы.

Бул кылмыштан кийин мындай иш кимдин колунан келип, алар эмне үчүн кызыма кол салгандыгы тууралуу эч нерсе билген жокпуз, деп кошумчалады ал.

«Кызымдан бир жашка кичүү уулум бар. Анын биздин үйгө дайыма келип турган достору бар. Алардын бири бул окуя болгондон кийин дароо үйгө келип, кылмышкерди таба тургандыгын айтып кеткен. Кийин белгилүү болгондой, кол салгандардын бири ошол бала болуп чыкты. Биз ага жакшы мамиле кылчубуз, дүкөндөн карыз да алып турчу. Биз алгач ишенген жокпуз, бирок экспертизанын жыйынтыгы, анын бармак издеринин баардыгы туура келди. Анын кызы бар. Жада калса мен анын кызына дагы ушундай окуяны каалабайм», - деди жабырлануучунун атасы.

Бул факты боюнча жүргүзүлгөн иликтөө менен Кызыл-Суу айылынын тургуну, 1989-жылы туулган М.Макеев жана 1989-жылы туулган С.Кожомкулов шектүү катары кармалды. Үчүнчү кылмышкер издөөдө.

Алар тергөөнүн жүрүшүндө күнөөлөрүн мойнуна алды, деп айтылат маалыматта.

Учурда жабырлануучу Бишкек шаарында дарыланып, психологдун жардамын алууда.

Шектелүүчүлөр Каракол шаарында камакка алынып, иликтөө уланууда.

Тонолгон дүкөн

А 5

А 6

А 7

А 9

А 10

А 11

А 12

А 13

Жабырлануучунун атасы

А 1

А 8

Баш кийимчен шектелүүчү М.Ж.М., кол салгандыгы тууралуу көрсөтмө берүүдө

А 2

А 3

А 4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×