Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.04.2015 12:26

Бишкек—Жети-Өгүз жолунда эки унаа сүзүшүп, 6 адам жаракат алды

Turmush -  Бишкек—Жети-Өгүз унаа жолунда жүргүнчүлөрдү ташыган «Мерседес-Бенц-313» үлгүндөгү бус менен «Мерседес-Бенц-310» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 6 дам жабыркады.

Аталган жол кырсык кечээ, 9-апрель күнү саат болжол менен 11:45 чамасында Бишкек—Жети-Өгүз унаа жолунун 60-чакырымында болгон. «Мерседес-Бенц-313» үлгүсүндөгү унааны Ысык-Көл облусунун тургуну, 45 жаштагы М.А. ал эми, «Мерседес-Бенц-310» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны 26 жаштагы Кемин районунун тургуну К.У. башкарып бара жаткан, деп маалымдайт Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

Жол кырсыгынан улам, «Мерседестин» 6 жүргүнчүсү ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алды.

Кырсыктын себептерин аныктоо боюнча экспертиза түзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×