Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.04.2015 12:09

Улуу Жеништин 70 жылдыгына карата Жети-Өгүз районунда 70 иш-чара өтөт

Turmush -  Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунда 70 иш-чара өткөрүү пландалууда. Алардын бири Жаргылчак айыл аймагында жашаган согуштун ардагери Шайнур Жангазиевдин жоокердик эрдигин баалоо максатында спорттун ордо оюну боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага райондон онго жакын команда катышты, деп маалымдайт уюштуруучулар.

Белгилей кетсек Шайнур ата 1941-1944-жылга чейин Украина фронтунда болуп, Сталинград, Молдавия, Румыния өлкөлөрүндөгү аткычтар полкунда жоокердик милдетин өтөгөн. 1944-жылы Мекенине кайтып келип, бир катар жооптуу кызматтарда эмгектенген. Ардагер учурда 94 жашта. Мындай мелдештер райондун баардык айыл аймактарында өткөрүлөт, деди Жети-Өгүз райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Турдубек Ишебаев.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар жана кубок ыйгарылды. Иш-чарага катышкан ардагер келечек ээлерине ийгилик каалап, дүйнөдө согуш болбосун деген тилегин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×