Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.05.2015 18:18

Жети-Өгүз районунда кызамыкка каршы улуттук эмдөө жүргүзүлө баштады

Turmush -  Жети-Өгүз районунда кызамыкка каршы эмдөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жети-Өгүз райаминистрациясынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, райадминистрациясынын 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 102 «Кызамык жана кызылча оорусуна каршы Улуттук эмдөө компаниясын жүргүзүү жөнүндө» тескемеси менен 2015-жылдын апрель, май айларында райондун аймагында 1 жаштан 20 жашка чейинки жарандарды кызамык, кызылча оорусуна каршы эмдөө компаниясын өткөрүү жарыяланган.

Улуттук эмдөө компаниясын өткөрүү райондун тиешелүү мекеме ишканаларына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына милдеттендирилген. Улуттук эмдөө компаниясын жүргүзүүгө айылдык ден соолук комитеттери, коомчулуктун өкүлдөрү да тартылууда.

Азыр райондо Улуттук эмдөө компаниясы уюшкандыкта өткөрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×