Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.05.2015 11:58

Жети-Өгүздүн Тилекмат айылында 60 орундуу бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Дөбө айыл аймагындагы Тилекмат айылында 60 орундуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Жалпы наркы 3 млн сомдон ашык каражатты түзөт, заман талабына ылайык салынган бул бала бакча кичинекей бөбөктөр үчүн өз эшигин ачты.

Айыл аймак башчысы Ариф Сабырбаевдин айтымында, курулуш иштерине Германия эл аралык кызматташтык коомдук фондунан 2 млн сомдон ашык каражат каралып, жергиликтүү бюджттен жана айыл элинин салымы менен ишке ашырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×