Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.05.2015 12:47

Жети-Өгүздө өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусу менен рэкетчиликти алдын алуу максатындагы спорттук мелдештер өттү

Turmush -  Жети-Өгүз РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жогорку класстын окуучуларынын арасында спорттук оюн өткөрдү. РИИБдин жетекчиси Тилек Түкөбаев билдиргендей, Барскоон айыл аймагында өткөн мелдеш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана аларды ынтымакка, биримдикке чакыруу максатын көздөйт.

Футболго 8-9-класстын окуучулары катышты.

«Өз өмүрүнө кол салуу менен рэкетчилик калк арасында актуалдуу маселелерден болуп келет. Ошого байланыштуу биз спорттук оюн уюштуруп жатабыз. Мындай иш-чаралар балдарды бири-бирине жакындатып, ортодогу ынтымакты бекембейт. Бардык балдар катыша ала тургандай оюн өткөрүү мүмкүн болбогондуктан, аймактарда өз-өзүнчө уюштурууну туура көрдүк», - деди Т.Түкөбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×