Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.05.2015 09:32

Жети-Өгүздүн Барскоон айылында мектеп окуучулары футбол боюнча мелдешти

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында мектептер арасында футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Мелдеш райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана айыл өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулган.

Мелдештин негизги максаты - окуучулар арасындагы ынтымак, достукту чыӊдоо, мектептерде зордук зомбулуктун, кылмыштуулуктун алдын алуу, аймактагы спорттун өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат.

Мелдешке айыл өкмөтү демөөрчүлүк кылып, 5000 сом бөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×