Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.05.2015 18:44

Жети-Өгүз районундагы Тосор айылынын китепканасында 5611 китеп бар (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз району менен Тоң районунун чектеш аймагында жайгашкан Тосор айылындагы китепканада 5611 китеп бар. Ал эми окурмандарынын саны 500гө жетет.

5 миңден ашуун калк жашаган бул айылдын китепканасы 1971-жылдан бери иштеп келет. Китепкананы 44 жылдан бери Толкун Алымова жетектеп келет. Окурмандар ар күнү бул жактан мезгилдүү басылмалар менен да кабардар болуп турушат.

Алдыда ишти кенейтип, заманбап үлгүдөгү китепканага айлантабыз, дейт жетекчиси.

IMG-20150526-WA0055

IMG-20150526-WA0056

IMG-20150526-WA0054

IMG-20150526-WA0043

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×