Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.05.2015 11:27

Жети-Өгүздө майып кызды зордуктап, анын дүкөнүнөн 100 миң сомдук товарын алып кеткен кылмышка шектүүлөр кармалды

Turmush -  Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Кызыл-Суу айылынын 21 жаштагы эки тургунун талап-тоноо жана зордуктоо кылмыштары боюнча козголгон кылмыш иштерди иликтөө учурунда колго түшүрдү.

Мурдараак Turmush басылмасына маалымдалгандай, кармалгандар үстүбүздөгү жылдын 2-мартында түн ичинде жанына бычак алып, дүкөндөгү сатуучуну коркутуп байлап, суммасы 100 миң сомдон жогору болгон товарды тартып алышкан. Ошондой эле, алар аталган дүкөндө сатуучу болуп иштеген, 27 жаштагы майып кызды зордуктап, из жашырып качып кетишкен.

Милиция кызматкерлеринин иликтөөсү менен шектүү жарандар 15 күндөн кийин кармалган. Кармалгандардын бирөөсү жабырлануучунун байкесинин жакын досу болгон. Аларга карата тийиштүү кылмыш иши козголгон.

Териштирүү учурунда кармалган жарандардын кылмышты жашыруу үчүн майып кызды сыналгынын кабели менен муунтуп, өлтүрүүгө аракет кылгандыгы аныкталды. Кыздын кыйкырганын угуп көчөгө чыккан кишилерден улам кылмышкерлер өз максатына жете алган эмес. Жабырлануучу кыз кол салуу учурунда психологиялык жабыр тартып, катуу коркуп калган.

Кармалгандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелерине (өмүргө коркунуч келтирүү) ылайык кошумча кылмыш иши козголду.

Жабырлануучунун атасы окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

«Кызым 26 жашта. Ал туубаса 2-топтогу майып. Ал биздин дүкөндө иштеп жүргөн. Биз ал күнү үйгө кетип, кызым дүкөндө түнөп калган. Түн ичинде кол салган адамдар кызымды зордуктап, чачынан жулуп, жаздык менен тумчуктуруптур. Андан соң өлбөгөнүн көрүп, алардын бири сыналгынын антеннасын жулуп алып муунткан экен.

Ошол маалда түшүнүксүз үндөрдү уккан кошуналар сыртка чыкканда кол салгандар унаага отуруп качып кетишкен.

Бул окуядан кийин кызым жашагысы келбей, өзүнө кол салууну да каалады. Учурда аны дайыма көзөмөлдөп, эң негизгиси аман калгандыгын айтып жатабыз. Мен мындайды эч кимге каалабайм», - деди жабырлануучунун атасы.

Бул кылмыштан кийин мындай иш кимдин колунан келип, алар эмне үчүн кызыма кол салгандыгы тууралуу эч нерсе билген жокпуз, деп кошумчалады ал.

«Кызымдан бир жашка кичүү уулум бар. Анын биздин үйгө дайыма келип турган достору бар. Алардын бири бул окуя болгондон кийин дароо үйгө келип, кылмышкерди таба тургандыгын айтып кеткен. Кийин белгилүү болгондой, кол салгандардын бири ошол бала болуп чыкты. Биз ага жакшы мамиле кылчубуз, дүкөндөн карыз да алып турчу. Биз алгач ишенген жокпуз, бирок экспертизанын жыйынтыгы, анын бармак издеринин баардыгы туура келди. Анын кызы бар. Жада калса мен анын кызына дагы ушундай окуяны каалабайм», - деди жабырлануучунун атасы.

Бул факты боюнча жүргүзүлгөн иликтөө менен Кызыл-Суу айылынын тургуну, 1989-жылы туулган М.Макеев жана 1989-жылы туулган С.Кожомкулов шектүү катары кармалгандыгы 8-апрелде маалымдалган. Үчүнчү кылмышкер издөөдө экендиги айтылган.

Тонолгон дүкөн

А 5

А 6

А 7

А 9

А 10

А 11

А 12

А 13

Жабырлануучунун атасы

А 1

А 8

Баш кийимчен шектелүүчү М.Ж.М., кол салгандыгы тууралуу көрсөтмө берүүдө

А 2

А 3

А 4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×