Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.06.2015 18:35

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы өспүрүмдүн өз жанын кыйышына себеп болгондорго карата кылмыш ишин козгоду

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук прокуратурасы өспүрүмдүн өз жанын кыйышына себеп болгондорго карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренесине (өзүн өзү өлтүрүүгө чейин жеткирүү) жана 316-беренесине (шалаакылык) ылайык кылмыш ишин козгоду.

Бүгүн, 10-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, каза болгон С.Д. аттуу мектеп окуучусунун ата-энеси Жети-Өгүз райондук ишки иштер бөлүмүнө кайрылып, өспүрүмдүн өзүн-өзү өлтүрүүсүнө себепкер болгон С.Сыдыков орто мектебинин жетекчилиги менен педагогдоруна карата чара көрүү тууралуу арызданышкан.

Аталган факты боюнча текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, аталган мектепте педагогикалык усулдардын туура эмес жүргүзүлгөндүгүнөн жана ар-намыска шек келтирип, басынтуудан улам, 2015-жылдын 7-майында мектеп окуучусу С.Д. Саруу айылындагы үйүнүн сарайында асынып, каза болгондугу аныкталды.

Учурда бул кылмыш иши боюнча териштирүү амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×