Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.06.2015 13:08

Фото - Жети-Өгүздүн Тамга айылында «Жанек баатыр» - 2015 кубогуна дзюдо боюнча V эл аралык мелдеш өтүүдө

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тамга айылындагы аскер санаториясында Жанек баатырдын 200 жылдыгына карата анын кубогуна дзюдо боюнча V эл аралык мелдеш өтүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Мелдешке өлкөнүн жети дубанынан спортчулар жана Казакстан мамлекетинен 5 команда келип күч сынашууда. Жалпы иш-чарага 200дөн ашык спортчу катышып жатат.

Жанек баатыр райондогу Тосор айылынан чыкан. Баатыр 1815-1890-жылдары жашап өткөн. Ал Балбай баатырдын жан жөөкөрү болгон. Жанек баатыр өз кезинде жеңилгис балбан болгон. Ал алышкандын акырегинен алып, колун чыгарчу, дейт айылдашы Асанкадыр Чынгышбаев.

Мелдеш 5-жылдан бери салттуу түрдө өтүп келет. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө диплом, медалдар жана уюлдук телефондор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×