Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.06.2015 17:21

Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө россиялык, америкалык коноктордун катышуусунда «Илбирстин мекени» фестивалы өттү

Turmush -  Ысык-Көл аймагынын Сырт өрөөнүндө Биотүрдүүлүктү коргоо күнүнө карата «Илбирстин мекени» аталышындагы фестиваль болуп өттү. Ага Ак-Шыйрак, Эңилчек жана Каракол айыл аймагынын жашоочулары катышып, ыр-бий сынактары өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аталган иш-чара Жапайы жаратылыш долбоорунун демилгеси менен облус аймагында жыл сайын өткөрүлүп келет.

Фестиваль жергиликтүү тургундардын жаратылышка болгон мамилесин өзгөртүү жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга багыттоо максатында уюштурулду. Иш-чарага катышкандардын жалпы саны 150гө жетти.

Жапайы жаратылыш долбоорунун өкүлдөрүнүн айтымында, мындай фестиваль бир гана илбирс жашаган аймактарда өткөрүлөт. Фестивалда Ак-Шыйрак, Эңилчек жана Каракол айылдарынын тургундары илбирстин элесин чагылдырган кийим-кечектерди кийип, оюндарды көрсөтүп, обондуу ырларды жана монологдорду аткарышты.

«Мындай иш-чаралар айыл тургундарынын ортосундагы ынтымакты бекемдеп, айылдар ичинде катылып жаткан өнөр ээлерин шыктандырат», - деди Ак-Шыйрак айыл аймагынын башчысы К.Айманов.

Иш-чарага Россиядан жана Америкадан келген коноктор да көбү болуп, катышуучулардын өнөрлөрүнө баа беришти.

Фестивалдын жыйынтыгында Ак-Шыйрак командасы жеңишке жетип, уюштуруучулар тарабынан белектерге ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×