Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.06.2015 08:38

Жети-Өгүздөгү жайлоодо малчылардын майрамы белгиленип, көп жылдык эмгеги бар чабандар сыйланды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Кичи-Көк-Жайык жайлоосунда малчылардын майрамы белгиленди. Бул майрамга жергиликтүү чабандар жана айыл эли катышты.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Б.Сулаймановдун айтымында, айыл өкмөттө жалпы 33 миң гектар жайыт жери бар. Жыл сайын 40тан ашык чабан кыштоодо мал багат.

30 жылдан бери мал багып келе жаткан Аскар Узакматов СССР тараганы малчыларга көп көңүл бурулбай келгенин айтып, иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Малчылар майрамынын алкагында улуттук ыр-бийлер аткарылып, спорттук мелдештер өттү жана улуттук көк бөрү оюну ойнолду.

Көп жылдан бери мал багып келе жаткан чабандар үзүрлүү эмгектери үчүн айыл өкмөттүн сыйлыгына ээ болушту. Ошондой эле, райондук жайыт комитети тарабынан айыл өкмөт башчысы Б.Сулаймановго жана жергиликтүү малчыларга ээр токумдар тапшырылды. Ал эми, Б.Сулайманов айыл аймагынын жайыт комитетине мылтык алып берүүгө убада берди. Иш-чаранын соңунда малчылар алыскы Сырт өрөөнүнө көчүп кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×