Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.06.2015 16:19

Жети-Өгүздүн 37 жаштагы тургуну буканы атууга аракет кылып жаткан жердешинин огунан каза тапты

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун жашоочусу буканы атууга аракет кылып жатып, кокустан өзүнүн жардамчысын өлтүрүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда АКИpress агенттигине укук коргоо органдарындагы булактар билдирди. Маалыматка ылайык, аталган окуя 12-июнда болду.

«Тамга айылынын 38 жаштагы жашоочусу буканы атууга аракет кылып жатып, кокусунан өзүнүн 37 жаштагы жардамчысы К.Алиевди атып алган. Жарадар болгон адам ооруканага бара жаткан жолдо каза тапкан», - деп билдирди милициядан.

Аталган фактыны ИИМден тастыкташты.

«Райондук милиция менен прокуратура иликтөө жүргүзүп жатат», - деп билдирди ИИМ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×