Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.06.2015 16:00

Жети-Өгүздүн Оргочор айылында 1976-жылы салынып, кийин тонолуп кеткен бала бакча кайрадан жандандырылат

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылындагы бала бакчаны капиталдык оңдоодон өткөрүп, кайрадан бакча кылып жандандыруу боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Оргочор айыл аймагынын башсычы Канатбек Супатаев билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

К.Супатаевдин айтымында, жалпы бакчаны толук кандуу оңдоого 10 млн 335 миң сом керек. «Ысык-Көлдү өнүктүрү фондунан анын 4 млн сому каралды. Тендер ойнотулуп иш башталат. Иштесе 200 орундуу бакча болот», - дейт ал.

Ошондой эле, 2012-жылы түрткү берүүчү грант аркылуу 2 млн 600 миң сомго чатыры жабылып, экинчи кабатында оңдоо иштери жүргүзүлгөн», - деп кошумчалады ал.

Бакча 1976-жылы салынып, Союз тараганда таланып, тонолуп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×