Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.07.2015 14:31

Жети-Өгүздүн Липенка айылындагы китепкана жаңы адабияттар менен толукталууда

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Липенка айылындагы китепкана айыл аймак башчысынын колдоосунда жаңы адабияттар менен толукталууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айылдык китепкананын башчысы Назира Рахманова маалымдады.
Китепканачынын айтымында, жалпысынан 5351 нускадагы китептер болсо, анын ичинен миңге жетпеген адабият кыргызча, 4439 китеп орус тилинде. «Айылда 500дөн ашуун окурман бар», - дейт Н.Рахманова. 2013-жылы айыл аймак башчысы 5 миң сомго 25 нуска адабият алып берип, 2015-жылы 30 миң сомго 36 китеп айыл аймак башчысы Б.Сулаймановдун колдоосу менен алынганы маалым болду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×