Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.07.2015 13:24

Жети-Өгүздүн Кытай айылындагы 3 ирет жабылган мектепке интернет киргизилип, кайрадан ачылды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Ырдык айыл аймагына караштуу Кытай айылындагы чакан мектепте алгылыктуу иштер арбын. Бул тууралуу Turmush  басылмасынын аймактык кабарчысына Т.Дыйканбаев атындагы орто мектептин директору Максат Курманалиев билдирди.

«120 бала окуган чакан билим ордосунда 21 мугалим эмгектенет. Жыл ичинде бир катар долбоор жазылды. Учурда мектепке интернет да киргизилген. Бирок мындай шарты бар мектеп окуучулардын саны жетпегендиктен үч ирет жабылган. Аракет жумшап, кайрадан ачып алдык», - дейт мектептин мүдүрү.

М.Курманкалиев мектептин имараты эски болгону менен тийиштуу шарттар түзүлүп, билим берүүнүн сапатына көңүл буруларын кошумчалады.

IMG-20150709-WA0015

IMG-20150709-WA0016

IMG-20150709-WA0021

IMG-20150709-WA0018

IMG-20150709-WA0017

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×