Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.07.2015 11:04

Жети-Өгүздүн Жалгыз-Өрүк айылында турак үйдөн өрт чыгып, үй ээсинин бир тууган иниси күйдү

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылында турак үйдөн өрт чыгып, үй ээсинин бир тууган иниси толугу менен күйдү, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы 13-июлда.

Маалыматка ылайык, Жалгыз-Өрүк айылында Абдраев көчөсү 34 дарегинде жайгашкан ээси Н.Т.Иманкожоевге тийиштүү 27 чарчы метр жыгачтан курулган кире бериш бөлмөсү толугу менен күйгөн жана 18 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн чатыры, 2 жыгач эшик, 14 чарчы метр жыгач дарбаза күйгөн.

Мындан тышкары, «Форд-Эскорт» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номери В92-52М) автоунаа, ээси К.Т.Иманкожоев (үй ээсинин бир тууган иниси) толугу менен күйгөн.

Өрттүн келип чыгышына авто электр жабдууларын куроодо эрежелеринин бузулушу себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×