Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 21.07.2015 09:27

Ысык-Көлдүн багбандары быйыл коңшу өлкөлөрдүн базарларын да өздөрү өстүргөн жемиштер менен толтурууга даяр (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда быйыл өткөн жылга салыштырмалуу алма жана алмуруттун түшүмү мол, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Багбандардын айтымында, апрель айында жүргөн үшүк өлкөнүн башка облустарына кедергисин тийгизди. Бирок ал учурда гүлдөп турган Ысык-Көлдөгү алма, алмуруттарды үшүк алган эмес.

«Биз билгенден Кыргызстандагы көпчүлүк бактарды үшүп алып кетип, мөмө байлабай калды. Биздин облуста тескерисинче, быйыл алма, алмурут жакшы мөмө берди. Сапаты да жакшы болгондуктан көбүрөөк киреше табабыз деп үмүттөнүп жатабыз. Азыркы тапта бактарга кам көрүп, зыянкеч курт-кумурскалар менен күрөшүүдөбүз. Биз экологиялык таза жемиштер менен Кыргызстандын гана эмес жакынкы Россия, Казакстан Республикаларынын базарларын да толтурууга даярбыз», - деди Жети-Өгүз районундагы багбандардын бири.

Багбандар азыртадан эле алма, алмурутун өткөрүүгө кардарларды издей баштады, ал эми облустан сырткары чыгарып сатууга мүмкүнчүлүгү барлар күйүүчү майды белендеп жаткан чагы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×