Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.07.2015 13:04

Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылындагы айрым кашарларды жана үйлөрдү суу каптап кетти

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Чоӊ-Кызыл-Суу суусунун жээктери бекемделип, суу каптап кеткен кашарлар жана айрым үйлөр сакталып калды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн маалымдашты.

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын аймагындагы Чоӊ-Кызыл-Суу суусунун деӊгээли көтөрүлүп, айылдын төмөн жагындагы Москва көчөсүндө жайгашкан кашарларды суу каптап кетүү коркунучу туулган. Бул аймакты суу ташкынынан сактап калуу үчүн райондук суу чарба башкармалыгы жана Кызыл-Суу айыл өкмөтү Чоӊ-Кызыл-Суу суусунун 300-350 метр аралыктагы жээгин бекемдеген. Бирок көрүлгөн чараларга карабастан жогоруда белгиленген аймактардагы кашарларды жана айрым үйлөрдү суу каптап кеткен.

Аталган кооптуу тилкедеги кашарларды, үйлөрдү коргоо максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу бөлүмүнүн авариялык калыбына келтирүү командасынын өздүк курамы каптарга кум толтуруп, жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүштү. Бул иш-чарага Жарандык коргонуунун авариялык калыбына келтирүү командасынын 18 мүчөсү жана жергиликтүү калктан 5 адам катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×