Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.08.2015 17:21

Жети-Өгүздүн Жон-Булак айылында спорт залы менен 225 орундуу мектеп курулууда

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында спорт залы менен бирге 225 орундуу мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирет.

Мектепти курууга республикалык бюджеттен 25 миллион сом, ал эми спорт залын салууга Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 8 миллон сом бөлүнгөн. Жаңы мектепти 2016-жылы ишке берүү пландалууда.

Учурда айылда 500дөн ашык бала эски мектепте билим алат. 3 корпустан туруп, башаламан жайгашкан эски мектеп 1958-1962- жылдары курулган. Ага бир дагы жолу капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлгөн эмес.

«Ал корпустардын бири быйыл түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Ага 3 миллион 214 миң сом бөлүнүп, үстүбүздөгү жылдын кыш айларына чейин бүтүрүү пландалууда», - деп билдирет Ырдык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Темирбек Кулдаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×