Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.08.2015 08:20

Жети-Өгүздө чабандар күнү белгиленип, алдыңкы чабандарга Ардак грамоталары берилди (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда чабандар күнү белгиленди, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Иш-чара Барскоон айыл аймагына караштуу Караколка жайлоосунда өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жайлоодо мал баккан чабандар катышып, улуттук оюндар менен коштолду. Караколка жайлоосунда 226 чабан жашайт. Бул күнү алардын дарегине жылуу сөздөр жолдонуп, түйшүктүү иштери бааланды. Аны менен катар алдыңкы чабандарга Ардак грамоталар берилсе, Барскоон айыл аймагынын башчысы Руслан Эшмамбетовго «Айыл чарбасынын отличниги» төш белгиси ыйгарылды. Өкмөт өкүлү Э.Каптагаев өз сөзүндө жыл сайын облуста мал чарбасы өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×