Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.08.2015 13:32

Ысык-Көл облусундагы ооруканаларда 138 дарыгердин орду бош

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 138 дарыгер жетишпейт. Учурда облуста жалпысынан 680 дарыгер, 2047 орто билимдүү мединицалык кызматкер жана 758 медициналык кызматкер эмгектенип жатат.

Өзгөчө Түп жана Ак-Суу райондорундагы ооруканаларда дарыгерлердин жетишсиздиги байкалууда. Облустагы 5 район менен 3 шаардын ичинен Балыкчы шаарында гана жаш медиктерге шарттар түзүлгөн. Облустук администрациянын маалыматына ылайык, шаардагы ооруканаларда эмгектенип жаткан 438 кызматкерге социалдык жеңилдиктер каралган. Алар коммуналдык салыктан бошотулуп, Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджетинен таштанды жана таза суунун 6 айдагы төлөмү үчүн 209 миң 300 сом каралган.

Ошондой эле, жаш медиктерди жумушка тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен ай сайын эмгек акысына 1000 сом кошулуп турат. Жети-Өгүз райондук администрациясынын балансында турган 2 турак жай 2 медицина кызматкерине убактылуу жашоого берилген.

Мындан тышкары, ушул жылы Жети-Өгүз райондук ооруканасына келген 3 акушер-гинеколог, 1 хирург оорукананын ординатурасына жайгаштырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×