Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.08.2015 15:21

Ысык-Көл облусунда акыркы 7 айдагы жол кырсыгы былтыркыга караганда 14 учурга көп катталды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда быйыл жол кырсыктарынын саны өстү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына облустук Жол кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Мирлан Аким уулу билдирди.

Анын айтымында, акыркы 7 ай ичинде 599 жол эрежесин бузган факт катталып, 59 адам каза болду.

«Жол кырсыгынын саны быйыл 14 фактыга көбөйдү. Учурда туристтик сезонго карата иш күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, атайын посттор орун алган. Жол кырсыгынын алдын алуу багытында учурда рейддик иштер жүргүзүлүүдө», - деп белгиледи жол сакчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×