Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.08.2015 14:50

Жети-Өгүз районунда 4 жаштагы баланы «КамАЗ» уруп кетти

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 8-август күнү саат 16:00 чамасында ири көлөмдөгү жүк жүктөгөн «КамАЗ» унаасы 4 жаштагы баланы уруп кетти.

Каракол шаардык ооруканасынын дарыгерлери Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдашкандай, жабырлануучу окуя болгон жерден дароо облустук оорукананын травматология бөлүмүнө жеткирилген.

Дарыгерлердин айтымында, баланын абалына байланыштуу ал кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган. Медициналык текшерүүдөн кийин бала баш сөөгүнөн жана сол жак санынан жаракат алгандыгы аныкталды. Сөөгүнүн сынган жерлери жок.

Кечээ, 9-августта эртең менен жабырлануучуга операция жасалып, санындагы жаракат тигилди.

«Ал бүгүн палатага чыгарылып, абалы азыркы тапта туруктуу», - дешти дарыгерлер. 

Жабырлануучунун ата-энеси окуянын чоо-жайын иликтөөнү аягына чейин чыгарышарын билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×