Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.08.2015 14:56

Жети-Өгүздүн Светлое Поляна айылында 3 жылдан бери токтоп турган мектептин курулушу улантылууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Светлое Поляна айылында Аскарбек Алыбаков атындагы орто мектептин 2011-жылы башталып, токтоп калган курулушу улантылууда.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалым болгондой, ага Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 8,5 миллион сом бөлүнүп берилген.

«Жаңы мектеп 13 класстан туруп, 320 окуучунун билим алуусуна ылайыкталган. Ал эми, мектептин эски имараты 1962-жылы салынып, анда 510 окуучу билим алат. 39 мугалим эмгектенген билим уяда орус, кыргыз тилинде сабак өтүлөт. Мында класстар жетишпегендиктен окуучулар эки сменада окушат. Эми жаңы мектеп бүтсө, окуучулар бир эле сменада окуп калат деген тилектебиз», - дейт директор Ракат Абдиева.

Ошондой эле, айыл тургундары бул курулуштун бир бурчуна бала бакчасын уюштурууну сунушташат. Себеби, аталган айылда бала бакчасы жок.

Маалым болгондой, мектептин курулушун үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин бүтүрүү пландалууда. Ал эми, анын спортзалы кийинки, 2016-жылы башталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×